7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоноого шектелип 19 жаштагы 2 жигит кармалды

390

Каракол шаарында тоноочулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ билдирди.

Милицияга Теплоключенка айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 24-апрелде шаардагы сейил бакта аны эки чала тааныш жигит коркутуп, Айфон 13 уюлдук телефонун тартып алышкан. 14-июнда ошол эле балдар коркутуу жолу менен Редми телефонун тартып алып, материалдык чыгым 75 миң 500 сомду түзгөн.

Шектүү катары Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары аныкталды. Шаардык соттун чечими менен эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Тергөө амалдары уланууда.

 

391