7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

473

23-февралдан 25-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда.

Мырза-Аке— Кара-Кулжа— Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

474