7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстан: Тоолуу-Бадахшанда кырдаал курчуп, 13 аскер оор жаракат алды

844

Тажикстандын күч органдары Тоолуу-Бадахшан автономдук областы менен байланыштырган Дүйшөмбү-Кульма эл аралык автожолун тосуп алгандарга каршы антитеррордук операция жүргүзүп жатканын «Ховар» мамлекеттик маалымат агенттиги таянып BBC жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, операция учурунда УКМКнын бир офицери каза таап, 13 аскер оор жаракат алган. Сегиз террорчу жок кылынып, жетимиштен ашыгы кармалган.

Белгилей кетсек, 16-майда Тоолуу Бадахшандын административдик борбору Хорогдо нааразылык митингге эл чогулган. Аларды таркатуу үчүн күч органдары атайын каражаттарды колдонуп, натыйжада кеминде алты адам жарадар болгон.

Натыйжада ИИМдин башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары жана милициянын эки кызматкери жаракат алып, ооруканага түшкөн. Кол салгандардын бирөө жарадар болуп, ооруканадан каза болгондугу айтылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

845