7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тургунду бычак менен коркутуп, зордуктап, тоноп кетишкен шектүүлөр кармалды

2666

Баткенде тургундун үйүнө кирип бычак менен коркутуп, зордуктап, телефонун тоноп кетишкен эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында 4-июн күнү саат 3:00 чамасында 33 жаштагы тургундун үйүнө беткапчан белгисиз атуулдар кирип, аны бычак менен коркутуп, зордуктап, телефонун тартып алып кетишкен.

Ыкчам иликтөөнүн алкагында аталган кылмышка шектелип, Чоң-Кара айылынын 22 жаштагы А.Б. жана 21 жаштагы А.А. тургундары Баткен район аймагынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бул факт Баткен РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо), 201-беренеси (тоноочулук), 190-беренеси (турак жайга кол тийбестикти бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалып, тонолуп алынган кол телефон өз ээсине кайтарылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2667