7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Учакты башкарып бараткан эки пилот жарым саат уктап калган

748

Учак башкарып бара жаткан эки индонезиялык пилот жарым саат уктап калгандыгы үчүн иштен бошотулду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Окуя 25-январда Сулавеси аралынан өлкөнүн борбор калаасы Жакартага учуп келе жатканда болгондугу айтылат. Навигациялык эрежелер бузулганы менен жүргүнчүлөр, экипаж мүчөлөрү жабыр тарткан эмес.

Аба транспортунун башкы директору Кристи Энда Мурни Индонезиядагы түнкү учуулар текшерилерин билдирди. Ошондой эле, пилоттордун, операторлордун эс албай ишке кирүүсү, аны менен байланышкан тобокелдиктер каралат.

Алдын ала маалымат боюнча, биринчи пилот эс алууну өтүнүп, башкарууну жанындагыга өткөрүп берген. Бирок, экинчи пилот да бир аздан соң уктап кеткен. Ошол учурда Жакартадагы башкаруу борбору самолёт менен байланышууга аракет жасаган. 28 мүнөттөн кийин ойгонгон учкуч дароо кесиптешин ойготуп, учакты өз траекториясына кайтарган. Самолёт көздөгөн жерине аман-эсен жеткен.

749