7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК 40 кг сымап алып келаткан жаранды кармады

546

КР УКМК тарабынан уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 1967-жылы туулган Г.Ж.А. аттуу КР жараны кармалды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке адамдар сымаптын ири партиясын Баткен облусунан Бишкек шаарына сатуу максатында ташып келүүнү пландап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районундагы “Төө-Ашуу” ашуусунда Г.Ж.А. аттуу жарандан унаасын тинтүү учурунда 40 кг сымап табылып, кармалган. Ал аны Бишкек шаарына 8 миң АКШ долларына сатууну пландаган. Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары, анын ичинде уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

 

      

547