Кемин районунан УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылган 9 жашар кыздын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилип, анын даттануусу боюнча алдын ала текшерүү иштери башталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кайрылуудан улам Ташиевдин тапшырмасы менен УКМК кызматкерлери Кемин шаарчасына барган. Шакированын үй-бүлөсүндө беш адам жашары, чындыгында эле алар материалдык жардамга муктаж экендиги аныкталган.
«Аталган бүлөгө көмөк көрсөтүү максатында УКМК төрагасы Ташиевдин атынан биринчи иретте зарыл болгон азык-түлүктөр, ал эми балдарга жаңы жылдык белектер менен канцелярдык буюмдар жеткирилди. Жардамга ыраазылыгын билдирген Шакированын үй-бүлөсү маселенин адилеттүү жана объективдүү чечилишине ишенип тургандыктарын билдиришти», — деп жазылат маалыматта .
Аталган ведомстводон Шакированын кайрылуусу боюнча атайын комиссия түзүлүп, кырдаал иликтенип, жыйынтыгында ага тиешелүү баа берилерин кошумчалашты.