7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине мыйзамсыз акча алганы үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет

388

Борбор калаада билим берүү системасынын, мектептик билим берүү уюмдарынын жана Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин катышуусу менен бир катар профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын муниципалдык мектептери жана мамлекеттик маанидеги мектептер менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө балдарды 1-класска кабыл алууда, ошондой эле башка мектептерден которууда жана балдарды бала бакчаларга кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө керектиги  белгиленди.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан  коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүнүн алкагында 2024-жылдын башынан бери билим берүү системасында бир катар кармоолор жүргүзүлүп, КР мыйзамдарында  кызматтык бузуулар аныкталган.

Буга байланыштуу  УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине мыйзамсыз акча бергендиги жана алганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Окууга кабыл алуу жана которуу үчүн акча талап кылынган ушундай жагдайга жарандар туш болсо, анда 0312-66-04-75 номуруна кайрылсаңыздар болот.

 

389