7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Бишкек башкы архитектуранын» мурдагы жетекчиси кармалды

594

“Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси, борбор калаанын башкы архитектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Кармалган адис кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, белгиленген нормаларды бузган факты аныкталган.

«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси кызматтык абалынан пайдаланып борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды долбоорлоого жана курууга мыйзамсыз уруксат бергени аныкталды. Ал курулуш уюмдары менен сүйлөшүп алып жасаган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, Бишкектеги коопсуздук эрежелерин сактабастан архитектура жана шаар куруу нормаларын бузуу менен баш аламан курулуштардын жүргүзүлүшү байкалууда. Ошондой эле «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдарынын жардамы менен курулуш уюмдары тарабынан жер тилкесин рейдерлик жол менен басып алуу фактылары да бар.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.К.К. кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыларга кызмат адамдарынын жана башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595