7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Чыккынчылык кылган Кыргызстандын жарандары кармалды

1423

УКМК тышкы жана ички коркунучтардан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга багытталган, жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө, анын ичинде чет элдик атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо иштерине каршы туруу жөнүндө коомчулукка маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, республиканын айрым жарандарынын бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды.

2021-жылдын 13-апрелинде тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгынын жана мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилдеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандары М.К. жана М.Т. кармалышты.

УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет.
Кылмыш ишинин материалдарына берилген жашыруун сырдын чектелген даражасын эске алуу менен, тергөө иштеринин натыйжалары боюнча, бул адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын жагдайлары жөнүндө кененирээк маалымат коомчулукка берилмекчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1424