Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров 2021-жылдын 2-февралына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, УКМК кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын экс-башчысы Таиров тарабынан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин биринен мыйзамсыз түрдө ири өлчөмдө акча алуу фактысын аныкташкан.
Жогорку Кеңешке шайлоо алдында Таиров саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бирин ага ири суммадагы акча которууга мажбурлаганы аныкталды.