7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Издөө салынган ишкер Имамидин Ташов кармалды

569

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн «KG Групп» курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Ал бүгүн, 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган.

«И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ташов коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлерин бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга чакырганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Ал бийликти басып алуу максатында калкты адаштыруу үчүн соцтармактарда да активдүү иш алып барган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

570