7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Кадамжайда мамлекетке алынган жерлер боюнча маалымат берди

373

Кадамжай районунун муниципалдык, ошондой эле «Кадастр» ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Тактап айтканда, 2016-жылы Кадамжай райондук администрациясынын жетекчиси М.А. жер мыйзамдарынын ченемдерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды бузуу менен 14,5 га жайыт жерлерин калктуу конуштардын категориясына трансформациялоо жөнүндө буйрук чыгарган, ал эми бул прерогатив КР Өкмөтүнө гана таандык болгон.

ЖӨБОнун кызматкерлери тарабынан 2016-жылдан 2021-жылга чейин Ирелеш айылынын жергиликтүү тургундарына жеке курулуш үчүн жер участоктору берилип, аларга «Кадастр» мамлекеттик ишканасы Кадамжай филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке укук жөнүндө актылар берилген.

2024-жылдын 17-январында Баткен шаарынын соту жана анын негизинде кабыл алынган Халмион айыл башкармалыгынын токтомдору жокко чыгарылып, ал үчүнчү жак тарабынан Баткен облусунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясына даттанылган.

2024-жылдын 5-июнунда Баткен административдик соттук коллегиясы 2024-жылдын 5-сентябрында күчүнө кирген биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Жыйынтыгында 2025-жылдын 14-февралындв чыккан токтом менен 14,5 га жер тилкеси жайыт жерлердин категориясына которулуп, анын ичинен 6 га жер тилкеси Халмион айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып берилген.

Учурда башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана мамлекеттик органдарда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

 

374