УКМК Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында, У.С.С. аттуу Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды.
«Кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россия Федерациясынын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган»,-деп айтылат маалыматта.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана шаардык соттун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, каралган адам кылмышты жасоого шектелип, Юстиция министрлигине караштуу КЖКнын N53- мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.