7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Пакистандын эки жараны кармалганын билдирди

739

Жасалма Шенген визасын даярдоо жана сатуу менен алектенген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, чет элдик жарандар катышкан эл аралык мыйзамсыз миграциянын каналы аныкталып, бөгөт коюлду.

«Пакистандын жарандары М.Р. жана А.В. ири суммада акча алуу үчүн, Пакистандан келген туристтерге Италиянын жасалма Шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштурушкан, андан ары алар Казакстан, Орусия жана Белоруссия аймактары аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландаштырышкандыгы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Алардын УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жана учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740