Жаңы окуу жылынан тарта өлкөдөгү 500 мектепте 3- жана 5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен базистик окуу планында айтылат.
Маалыматка ылайык, долбоор Президенттин өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында пилоттук негизде жүргүзүлөт.
Шахмат ийримдери ачыла турган мектептердин тизмеси жана окутуунун сыноо программасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кийинчерээк бекитилет.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Садыр Жапаров Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон.
Аталган Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинети 1-сентябрга чейин шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча Улуттук программаны сунушташы керек.
Мындан тышкары, өлкөдө «Жылдын мыкты шахматчысы» жана «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» аттуу президенттик атайын сыйлыктар негизделет. Жеңүүчүлөр жыл сайын Кыргыз шахмат союзу сунуштаган талапкерлердин арасынан аныкталат.



