7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мадина” базарынын соодагерлери көчүрүүгө каршы акцияга чыкты

206

Бишкектеги «Мадина» базарынын ондогон соодагерлери базарды жабуу жана жаңы соода борборуна көчүрүү чечимине каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

Соодагерлердин айтымында, сунушталган жаңы жай соода жүргүзүүгө толук ылайыкташкан эмес. Алар ошондой эле соода орундарынын баасы кымбат экенин жана айрымдары учурдагы контейнерлерин насыяга сатып алышканын белгилешүүдө.

Буга чейин шаар бийлиги «Мадина» базарын 1-августтан тарта жабууну пландап жатканын билдирип, соодагерлерге анын жанында жайгашкан жаңы соода борборуна көчүүнү сунуштаган.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул маселени ар тараптуу карап чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлөрүн билдирген.

Ал эми нааразы болгон соодагерлер алардын кызыкчылыгы эске алынып, жаңы соода жайына көчүрүү шарттары кайрадан каралышын талап кылышууда.

207