7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК шайлоо учурунда коомдук-саясий кырдаалды чыңалткандарга бөгөт коёт

205

УКМКнын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат өтөө вариантына өткөзүлдү. 2021-жылдын 10-январындагы шайлоо учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттери иштелип чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган, диний-экстремистик жана криминалдык топтордун, деструктивдүү түзүлүштөрдүн чагымчыл акцияларын даярдоо белгилерин өз убагында табуу жана алдын-алуу боюнча иш чараларга басым жасалууда.


«Мамлекеттин стратегиялык маанилүү объектилеринде терроризмге каршы коргоону чаралары күчөтүлдү. Укук коргоо органдары жана чек ара кызматы менен биргеликте террористик жана диний-экстремистик уюмдардын мүчөлөрүн табуу максатында жарандардын кирүү-чыгуу каналдарында чыпкалоо иштери, ошондой эле чек ара жанындагы аймактарда жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо иштери жүргүзүлүп жатат», — деп берилет маалыматта.

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий стабилдүүлүгүн сактоо жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жигердүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.


УКМК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана референдум учурунда коомдук-саясий кырдаалды чыңалтууга жана дестабилдештирүүгө алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырат.
Эсеркте кетсек, чагымчыл маттериалдарды тараткандар, КР мыйзамдарынын чегинде жоопко тартуу каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

206