7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жасалма АКШ долларын жасаган 3 жаран колго түштү

867

Бүгүн, 26-июль жасалма АКШ долларын жасаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө ири көлөмдө жасалма акча каражаттарын сатууну пландаштырып, кийинчерээк “кылмыш казынасын” толуктоого аракет кылган уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар аныкталды. 24-июлда УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү: С.С., М.А. жана М.У. кармалып, алар жашаган үйлөргө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында жасалма 6800 АКШ доллары табылды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын бири буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча сот жообуна тартылып, №26 жатак абагында жаза өтөгөн.

Учурда үчөө тең убактылуу камакка алынып, тергөө уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

868