7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жасалма документ менен Кылычбек Саркарбаев кармалды

323

Жасалма документ менен Кылычбек Саркарбаев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаган.

«Мурдагы документ боюнча Сулайманов Кылыч Асылбекович 28-декабрь 1987-жылы туулган. Ал уюшулган кылмыштуу топтун лидери «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе экендиги аныкталган. Буга чейин Сулаймановго «тоноо» фактысы менен кылмыш иши козголуп, 2006-жылдын июнь айында Ош шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Кылычбек Сулайманов жасалма документтердин негизинде ушул фактыны жашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алган. Ошону менен катар жасалма документтердин негизинде жумушка орношуп, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Азыркы учурда Саркарбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, Кылычбек Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, көптөгөн кылмыштуу аракеттерди көрүүгө катышкан, анын ичинде эрежесиз эр урушта белгилүү согушчандын катышуусунда атышуу болгон.

УКМКнын тергөө органдары анын катышуусу менен мыйзамсыз аракеттердин бардык жагдайларын тактоо үчүн кошумча тергөө жана текшерүү иш-чараларын жүргүзөт», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

324