7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын ардагерлеринин кайрылуусу: «Негизсиз сындагандын ордуна жардам берүү керек»

502

«Күч органдарынын ардагерлери, оппозициянын атынан бир топ адамдар УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге койгон талаптары боюнча кайрылып жатабыз»,- деп УКМКнын ардагерлери кайрылуу жасады.

“Бириккен Демократиялык Кыймылдын” мүчөлөрү Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишин талап кылып, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча ал кол койгон протокол, алардын айтымында, “4 чек ара заставасынын алынышы, баткендик мекендештерибизди коргоосуз калтырды. Тынчсызданган элибиз азыркы бийликке катуу талаптарды койду. БДК элди түшүнүү менен жана элдин талаптарын толугу менен колдойт», — деп айтылат билдирүүлөрүндө.

«Биз, ардагерлер кеңеши, коомдук пикирди бурмалоого багытталган мындай өтө акаарат билдирүүгө абдан нааразыбыз. Биринчиден, чек арада тынчтыкка жана ынтымакка муктаж болгон чек арага жакын аймактардын калкы, түзүлгөн кырдаалды өздөрүнүн кызыкчылыктарына пайдалануу менен айтылган так ушундай билдирүүлөрдөн тынчсызданууда. Бул нерселер, өлкө бийлиги, анын ичинде К.Ташиев, болгон окуянын кесепеттерин тез арада жоюу, талкаланган жана күйүп кеткен инфраструктураны калыбына келтирүү жана калкты тийиштүү турак-жай, менен камсыз кылуу жана башка маселелерди чечүү менен алек болуп турган учурда болууда. Азыр чек ара аймагынын тургундары жакындап келаткан сууктан тынчсызданууда, аларга тез арада жардам берүү зарыл. Негизсиз сындагандын ордуна, пайдалуу кеңештер менен жардам берүү керек.

Биз, тараптардын ортосунда кол коюлган протокол керектүү болгон деп эсептейбиз, ошонун аркасында кагылышуу токтоп, тынчтык орноп, айыл эли кайра кайтып бара алышат.

Ал эми К.Ташиевдин кызматтан кетишин талап кылгандар боюнча, УКМКнын кызматкерлери жана ардагерлери алардын арасында бул кызматта иштеп жүргөндө конструктивдүү, үлгүлүү иш жасабаган мурдагы УКМКнын жетекчилери да бар экенин билишет. Ошол эле учурда, К.Ташиев коопсуздук органдарынын толук кандуу иштешин камсыз кылуунун алкагында кандай иштерди аткарып жатканына, бул үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү боюнча чоң эмгек кылып жатканына биз, ардагерлер күбөбүз. Ал эми масштабы жана маанилүүлүгү боюнча да бул иштер жетекчи тарабынан биринчи жолу кылынууда, постсоветтик доордо да, тынч совет доорунда да мындай иштер көрүлгөн эмес. Албетте, УКМК иши эч кандай сынга алынбашы үчүн дагы көп иштерди жасоо керек. Анткен менен туура сынды УКМКнын азыркы жетекчилиги К.Ташиевдин аркасы менен дайыма эске алып келет.

Ардагерлер коомчулуктун бир бөлүгү катары псевдопатриоттор элдин тынчын албоосун, өлкөдөгү кырдаалды, өзгөчө ушундай кыйын мезгилде курчутпоону талап кылышат»,-деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503