7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы салынган имараты ачылды

616

Бүгүн, УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы салынган имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Иш-чарага УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С Жумагазиев, Кемин районунун акими А.М. Жумаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган.

УКМК төрагасы өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.

 

617