7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын командасы Дубайда дүйнө чемпионатына катышат

419

УКМКнын 9-кызматынын командасы атайын бөлүкчөлөр арасындагы дүйнө чемпионатына катышууга даярданып жатат.

Маалыматка ылайык, 3-7-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында атайын багыттагы кызматтар арасында өтө турган дүйнөлүк чемпионатка 9-кызматтын атайын күчтөрүнүн командасы катыша турганын белгиледи. Мелдешке дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 85тен ашык команда катышат.

9-Кызматтын командасы 5 жылдык юбилейлик престиждүү иш-чарага Кыргыз Республикасынан атынан катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана кесипкөйлүгүн көрсөтөт. Бул иш-чарага катышуу спецназдын жоокерлери үчүн башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен өз өнөрлөрүн көрсөтүү жана тажрыйба алмашуу үчүн мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.

Маалымат үчүн: 9-Кызматтын командасы 2022- жана 2023-жылдары катышып, ал жерде эң күчтүү 10 команданын катарына кирип, эң татаал тоскоолдуктардын биринде эки жолу 3-орунга ээ болушкан.

 

 

 

420