Чек араны кесип өтүү учурунда Кыргызстандын жараны кармалды. Ал өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган.
«Тергөөнүн жүрүшүндө, анын КР жарандык бир нече паспорту бар экени жана өзүн УКМКнын түштүк аймагы боюнча координатору болом деп тааныштырган. Жеке ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 466 миң сом акча каражатын жана «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган»- деп билдиришти УКМКдан.
Аталган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыштардын башка фактылары текшерилүүдө.