Өкмөт аянтындагы гүлзарлардын биринде жоогазын гүлдөдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Жазгы гүлдөрдүн түрдүүлүгү шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулап кубандырат. Жоогазындар гүлдөп бүтөөрү менен, баштарын кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузушат.
Былтыр жазында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы Биринчи май районуна 62 миң түп жоогазын отургузган.