7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Япония сулуусу» сынагында украиналык бийкечтин жеңиши чуу жаратты

605

26 жаштагы украиналык модель Каролина Шиино «Япония сулуусу» сулуулар сынагында жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Tokyo Weekender жазып чыкты.

Каролина 1998-жылы Тернополдо карапайым украиналык үй-бүлөдө төрөлгөн. Кийин апасы япон жигитине турмушка чыгып, ал кезде 5 жашар кызы менен Нагояга көчүп кеткен.

Ал 2022-жылы өлкөнүн жараны болгондон кийин сынакка катышууга арыз берген. Таажыны алып жатып, болуп жаткан окуялардын баары түш сыяктуу экенин айтты.

Бирок, интернет желесинде көптөгөн жергиликтүү тургундар нааразылыгын билдирип, «Япония сулууу болуп тандалган адамдын Японияга эч кандай тиешеси жок. Ал 100 пайыз украиналык. Ооба, ал абдан сулуу, бирок сынак «Япония сулуусу» деп аталат», — деп жазышууда соцтармак колдонуучулары. 

Ал эми, гран-при сынагынын башкы уюштуруучусу сулуу жеңишти татыктуу алганын билдирди.

606