7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

337

Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты айлана-чөйрөнү коргоо, өнөр жай коопсуздугу, тоо-кен көзөмөлү жана жер казынасын коргоо чөйрөсүндө контролду жана көзөмөлдү толук жүргүзүү, ошондой эле жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларды ыкчам кароо жана өз убагында бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү болуп саналат.

Мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

– 218, 235, 243, 244, 254, 259, 260, 264, 274, 276-беренелерде каралган айып пулдарды көбөйтүү;

– мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу үчүн жоопкерчилик кароо;

– уулуу өнөр жай калдыктарын жана өндүрүш менен керектөө калдыктарын сактоодо (жайгаштырууда), ташууда, пайдаланууда, зыянсыздандырууда жана көмүүдө экологиялык талаптарды бузуу үчүн жоопкерчилик кароо (2241-берене);

– радиациялык коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка талаптарды бузуу үчүн жоопкерчилик кароо (2271-берене);

– айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууну жүзөгө ашыруунун тартибин бузуу үчүн жоопкерчилик кароо (2361-берене);

– бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча талаптарды бузуу үчүн жоопкерчилик кароо (2391-берене);

– курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды бербөө, жашыруу же бурмалоо үчүн жоопкерчилик кароо (2451-берене);

– курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө булгоочу заттарды чыгаруу (таштоо), калдыктарды жайгаштыруу, жаратылыш чөйрөсүнө уруксатсыз физикалык жана башка зыяндуу таасир этүү үчүн жоопкерчилик кароо (2452-берене);

– жаратылыш ресурстарын уруксатсыз пайдалануу үчүн жоопкерчилик кароо (2453-берене);

– суу ресурстарын алуу эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчилик кароо (250-берене);

– мунай заттарын кабыл алуу, сактоо, май куюуга берүүгө даярдоо жана сапатын контролдоо эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчилик кароо (2742-берене);

– аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу үчүн жоопкерчилик кароо (2743-берене);

– айлана-чөйрөнү коргоо, жер казынасын пайдалануу, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан 115, 122, 2131, 2132, 2241, 2271, 2361, 237, 2391, 243, 244, 2451–2453, 274, 2742, 2743, 275, 276-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди дагы кароо жана жаза чараларын көрүү;

– энергетикалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан 116-118, 120, 121, 180, 202, 269, 277-281, 385, 386, 394-396-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза чараларын көрүү.

338