7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Укук коргоо органында ак дилинен кызмат өтөөнү кыялданган актан. «Тайган» детективдик сериалында…

470

«Кыргызсериал» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси жаңы «ТАЙГАН» (1-сезон, 14 серия) аттуу детективдик сериалдын бет ачаар аземин өткөрөт.

Кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын алкагында тартылган детективдик көркөм сериал бул кесиптин ары оор, ары татаал, опурталдуу, бирок жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу кесип экенин сериядан серияга ачып жүрүп отурат.

Сериалдын башкы каарманы Актан атасынын жолун жолдоп, Укук коргоо органдарында ак дилинен кызмат өтөөнү кыялданат. Ошондой бийик максатка умтулган жигит ИИМ Академиясын артыкчылык менен аяктайт.

Тажрыйбалуу укук коргоо кызматкери Таалай, Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон кыздардын ишин иликтеп, академиянын жаш бүтүрүүчүсү Актанды уюшкан кылмыштуу топко жашыруун, каймана ат менен киргизет. “Чү” дегенде эле уюшкан кылмышкерлер арасында иштеп баштаган башкы каарман өз өмүрүн ойлобой, керектүү жерде кыраандык менен чечкиндүү кадамдарга барып, терең тамырлап кеткен кылмыштардын бетин ачат…

“Тайган” көркөм сериалы калың журт менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосундагы ишенимди, кызматташтыкты жана сый-урматты арттыруу максатын көздөйт. Режиссеру Эркин Усенбаев, продюсери Улан Касымов.

Бул презентацияга жогорку бийлик өкүлдөрү, ИИМдин кызматкерлери, Эл аралык уюмдар, маданият кызматкерлери, коомдук ишмерлер, ММК жана башкалар катышат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

471