7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Укук коргоо органынын кызматкеринен опузалап 1 млн сом акча алып жаткан жеринен шектүү кармалды

648

Бишкекте опузалап 1 млн сом акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Э. аттуу жаран Т.А. менен алдын ала сүйлөшүп алып, укук коргоо органынын кызматкеринен 1 млн сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Аталган факты Чүй облусунун ИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө жана атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 8-февраль күнү 1млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда 1986-жылы туулган Кыргыз Республикасынын А.Э. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

 

649