Саламаттыкты сактоо министирлигинин орун басары Улан Садыков окуя болуп жаткан жеринен иш тартиби боюнча маалымат берди.
Анын айтымында Бишкек, Ош, Жалал-Абад областтарынан жетиштүү деңгээлде даарыгерлер тартылган. Алдын алган статистика боюнча 139 жаран оор, орточо оор , өтө оор абалда , 36 адам көз жумган.
168 адам Бишкек жана Ошко авиациянын жардамы менен ооруканаларга жөнөтүлдү, алардын жарымы жаракат алгандар жарымы коштоп баруучулар.
Бишкек шаарынан чоң партияда даары дармектер алынып, үй-бүлөлүк даарыгерлерге жана райондорго бөлүштүрүү процесси жүрүп жатат.
Эвокуациядагы элдерге психологиялык жактан көмөк көрсөтүү максатында 20 психолог тартылды, алар тынымсыз элдерге психологиялык жактан көмөк көрсөтүп жатат.