7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улгайган адамдар айрым тамактардан баш тартышы керек

836

Улгайып калган адам кайсы тамактардан баш тартышы керек. Бул туралуу диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианова айтып берди.

Адистин пикиринде, адамдын жашы канчалык өйдөлөгөн сайын, тамак сиңирүү дагы ошончолук начарлай берет. Андыктан айрым тамактарды азайтып, колдон келсе баш тартып койгон туура болот.

«Өзгөчө жарым фабрикаттар, консерваланган азыктар жана даамын күчөтчү каражаттар кошулган тамактардан оолак болгон жакшы. Такыр эле болбосо, күндүн биринчи жарымында жеш керек. Ошондой эле пальма майы кошулган кондитердик азыктардын дагы карып калган организмге пайдасы жок», — деди диетолог.

Дарыгердин айтымында, бул тамактар өтө кеч сиңет. Андыктан толугу менен иштелип бүткөнгө чейин организм майлардын баарын чогултуп алып, ашыкча салмак кошот. Ал эми улгайган адам толуп кеткенде дароо жүрөк-кан тамыр оорулары менен кант диабети пайда болот.

Сөзүнүн аягында адис тамак сиңирүү системасында көйгөй пайда болгон учурда улгайган гана адамдар эмес, жаштар дагы тез арада дарыгерге кайрылуусу керектигин эскертти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

837