Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум болуп өттү.
Вице-премьер министр Улукбек Карымшаков брифингде шайлоого катышып берген жалпы жарандарга ыраазычылык билдирди.
“Бийлик тарабынан эч кандай административдик ресурсту колдонуу фактылары болгон жок деп терең ишенем. Барыңыздарды ушул шайлоонун тынч, мыйзам чегинде өтүшү менен куттуктайм. Бул болсо жыл өткөн сайын жарандарыбыздын жоопкерчилиги жогорулап өлкөнүн өнүгүүсүнө кайдыгер карабай, өз тандоолорун жасашкандыктарынын бирден бир фактысы болуп эсептелинет.
Кийинки кадамдар бул борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялап жана ошонун жыйынтыгына жараша мамлекеттик бийлик мыйзам чегинде өз ишин алып бармакчы. Шайлоого катышып өз парзыңыздарды аткарып бергениңиздерге чоң ыраазычылык билдирем”, — дейт Карымшаков.