Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин башчысы Абдулла Ариповду 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, Өзбекстан Республикасынын бакубат гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетссек, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк жана достук маанайдагы коңшулук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө болгон ниетин тастыктады.