Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Б.у.Ж аттуу КРнын жаранына 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле, КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.