Кызыл-Кыяда ооруканадан уюлдук телефондорду уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:30 чамаларында Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндөгү столдо турган “Редми Нот 9” жана “Айфон SE” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду белгисиз атуулдар уурдап кеткендиги боюнча Ноокат районунун жашоочулары арыз менен кайрылган.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай шаарынын тургуну 2001-жылы туулган Т. у М. кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.