7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банктын мурдагы жетекчилери кармалды

764

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКга мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, (учурда «Керемет Банк» ААК) 8 млрд сомго Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинин «Росинбанк» ААКсынын акцияларынын көзөмөл топтомун негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Бул банктын иши рентабелдүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыксыз.

Кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, алынган далилдердин негизинде Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары «Ж.Н.» жана «Т.А.» ошондой эле мурдагы мүчөлөрү «С.А.» жана «С.Н.» аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

765