7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук энергохолдинг: Бишкек шаарынын түнкү жарыктары өчпөйт

847

Улуттук энергохолдинг тарабынан түнкү убакта Бишкектин тышкы жарыктандыруусуна чектөө койбоо боюнча чечим кабыл алынды, деп билдирет компаниянын басма сөз кызматы.

 3-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 млрд кубметрди түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 млрд кубметрге аз.

Ошол себептүү Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга, күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылуунун альтернативдүү булактарын (газ, көмүр) колдонууга чакырык таштаган.

Ошону менен бирге компания тарабынан керектөөчүлөргө инвентаризациялоо жүргүзүлүп жатканын, зарыл эмес болгон кошумча керектөөлөр кыскартылаарын жарыялаган. Бул түнкү жарыктар, реклама жана башка кошумча керектөөчүлөр эле.

Коомчулукта түнкү жарыктардын чектелиши кызуу талкууга алынды.  Элдин талкуусу таасир бердиби же планда ушундай беле, айтоор бүгүн Улуттук энергохолдинг Бишкек шаарынын түнкү жарыктары өчпөстүгүн кабарлады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

848