7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук госпиталдын кызматкерлери кармалды

478

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кармалды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда жаак-бет хирургия бөлүмүнүн башчысы К.А.С. менен дарыгер А.Ш.А. бейтаптардан  акча каражаттарын системалуу түрдө алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган мекеменин жетекчиси К.А.С. жана анын жакын туугандарынын алдын ала суммасы 2 миллион АКШ долларынан ашык мүлкү бар. Бул сумма директордун ооруканадагы ишмердигинен алынган реалдуу кирешеге дал келбейт, анын жылдык маянасы 400 миңди түзөт.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди жана мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталууда. Мындан улам, жогоруда кармалган жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо  КР УКМКга кайрылса болот.

479