7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук онкология жана гематология борборун курууда коррупциялык схема аныкталды

432

Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схема аныкталып ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КРнын мыйзамын бузуу менен мыйзамсыз киреше алуу максатында, Гематологиясы жана Улуттук онкология борборунун жаңы имаратын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны тийиштүү конкурстук тандоо өткөрбөстөн, башкармалыктын жооптуу кызматкерлери туунду подрядчы менен 340 млн сомго келишим түзгөн.

Ошондой эле бүткөрүлгөн иштин көлөмүн иш жүзүндө кабыл албастан, бүтпөгөн иштерге акы төлөөдө көрсөтүлгөн фактылар жана башка финансылык тартипти бузуулар аныкталган. Курулуш экспертизасынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 13,5 млн сомду түзгөн.

«27-сентябрда Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А., департаментинин директорунун орун басары К.Ж.К., башкы бухгалтер Ч.Б.Ж., техникалык көзөмөл боюнча инженери Н.Н.Ж. кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту А.Б.А. катуу ооруп калгандыгына байланыштуу үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Ал эми башка адамдарга карата бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды. Мындан тышкары 13,5 млн сом өлчөмүндө белгиленген зыяндын ордун подрядчы жана К.Ж.К. тарабынан толугу менен кайтарылган»,- деп берилет маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

433