7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров дүйнөдөн кайтты

320

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров 98 жашында дүйнө салды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Амантур Токтоназаров 1926-жылы Ак-Кочкор айылында туулган. 1944-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Согуш мезгилинде Литва ССРинин Каунас шаарын жана Польшаны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан.

Согуш мезгилиндеги эрдиктери үчүн Кызыл Жылдыз ордени, «Берлинди алганы үчүн» жана «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Согуштан кийин туулуп-өскөн айылына кайтып келип, айыл чарба тармагында эмгектенген. Пенсияга чыкканга чейин «Үлгү» колхозунда, андан кийин мамлекеттик атайын чарбада айдоочу болуп иштеген. 2017-жылы Москва шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган салтанатка катышкан.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

 

321