7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуу Жеңишке 81 жыл. «Жеңиш ырлары» урааны алдында автожүрүш өттү

247

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган «Жеңиш ырлары» урааны алдында автожүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Иш-чара тарыхый эс тутумду сактоо, жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине урмат көрсөтүү максатында уюштурулду. Ага «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун ардагерлеринин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.

Автоколоннанын жүрүшү Бишкек шаарынан башталып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен 73809 аскер бөлүгүнө чейин («Ала-Тоо» полигону) барып, Беш-Күңгөй айылы аркылуу кайра кайтты.

Катышуучулар «Жеңиш» мемориалына гүл коюп, курман болгон баатырларды эскеришти. Ошондой эле согуш жылдарындагы ырларды аткарышып, элдин кайраттуулугу, биримдиги жана баатырдыгын даңазалашты.

248