Шымкент шаарында 3 жаштагы бала унаа майын ичип алган. Ал ооруканага жеткирилген.
Sputnik Казакстан жазып чыккандай, аталган суюктук баланын оозун, кызыл өңгөчүн жана ашказанын күйгүзүп кеткен.
«Жолдошум унаа оңдоп иштейт. Сюктук үйдө болчу, балам ичип алыптыр. Азыр абалы жакшы»— дейт баланын апасы.
Дарыгерлердин айтымында, бала катуу ууланган. Дарылангандан кийин абалы жакшырып, палатага которулган.