Ысык-Ата районунун Милянфан айыл аймагынын кызматкерлеринин жер маселелери боюнча коррупциялык схемалары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жана үчүнчү жактарга сатуу максатында аффилиацияланган жакка 1га жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча күбөлүк берүү фактылары аныкталды.
Топтолгон материалдар Ысык-Ата районунун прокуратурасына өткөрүлүп берилип, жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б.Ю.Я. жана башка кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.