Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулду. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
««Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тагаев Мураталы Абдыкарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө. Эскерте кетсек, Мураталы Тагаев аталган кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган.
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон буйрукка ылайык, Мураталы Тагаев борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды.
Буга чейин Тагаев Русланбек Таштанбекович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Ленин районунун акими кызматынан кеткен.