7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ура! Акжол Махмудовдун байкеси Бексултан Махмудов Россияда коло медалга ээ болду

2415

Кырызстандык эки балбан Россиядагы турнирде коло медалга ээ болушту, алардын бири Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Бексултан Махмудов. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандык балбандар Бексултан Махмудов менен Калы Сулайманов Россияда өтүп жаткан Александр Нестеренконун элесине арналган эл аралык турнирге катышышкан. Мелдешке Кыргызстан, Россия, Беларусия, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субьектисинин балбандары катышышкан.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак категориясында килемге чыккан. Ал үчүнчү орун үчүн кармашта россиялык Тимур Абубакировду жеңип алган. Бексултан- Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы.

Ал эми Сулайманов 63 килограмм салмак категориясында чыгып, үчүнчү орун үчүн россиялык балбан менен күрөштү. Кармаш кыргызстандык спортчунун жеңиши менен аяктап, коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, 11-12-сентябрда Россиянын Новосибирск шаарында эл аралык “Мемориал Нестеренко” юбилейлик мелдеши болуп өттү.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2416