7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уставдык капиталы 100 млн доллар. Кыргызстан менен БАЭ биргелешкен холдингдик компания түзүштү

502

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда Биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган уставдык капиталы 100 миллион АКШ доллары болгон Биргелешкен холдингдик компания уюштуруу боюнча өнөктөштүк мамиле жана расмий келишимдер түзүлдү.

Финансылык ресурстар менен кирүүдөн тышкары, эмират тарап бизнес компетенттүүлүгү жагынан камсыз кылат. Компания жетекчилиги Эмираттардын мыкты ишкерлик тажрыйбаларын колдонуу аркылуу корпоративдик башкаруу принциптеринде иш алпарат. Долбоорлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жогорку деңгээлдеги чет элдик менеджерлер тартылат.

Каражат транспорттук-логистикалык хабдар, IT-инновациялары, энергетика тармактары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы форматтагы биргелешкен эс алуу аймактарын жана жаңы шаарларды түзүүгө, ошондой эле башка өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалары күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503