7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уурдалган акчасына Camry сатып алган аял базарлап жүргөн жеринен кармалды

909

Сокулук районунда жарандын үйүнөн ири суммадагы акчасын жана зер буюмдарын уурдап кетип, «камри» үлгүсүндөгү унаа сатып алганга жетишкен жаран кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-октябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1984-жылы туулган К.И аттуу айыл тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 15-октябрда саат 18:00дөн 02:00гө чейинки аралыкта анын үйүнө жашыруун кирип, уктоочу бөлмөсүнөн 2 млн сомун, 4 млн рубль, 5,5 миң доллар акчасын жана зер буюмдарын уурдап кеткен.

Аталган факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал 1984-жылы туулган А.М. аттуу жаран болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү жабырлануучуга тиешелүү зер буюмдарын жана акча каражаттарын өз ыктыяры менен тапшырып берип, калган акчага 2016-жылы чыгарылган «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа сатып алгандыгын айткан.

Учурда тергөө уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

910