7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү казак ишкерден 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

688

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 20-мартында К.А.А. аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн атынан 4 жаран Казакстан Республикасынын жараны Е.Д.А. аттуу жеке ишкерге таандык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын күч колдонуп алып кетем деп коркутуп кайра каттоого мажбурлашкан.

Мындан тышкары, жогорудагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, аталган ишкерден 20 000 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып, ар кандай жол менен коркутуп жүрүшкөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн, тагырагы 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Б.К.Н. кармалды.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча катталып, кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689