7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Яндекс.Такси Корп» тарабынан ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качуу фактысы аныкталды

297

Яндекс.Такси Корп» ЖЧКсы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан 29-ноябрында өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКнын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тактап айтканда, «Яндекс. Такси Корп» жана анын өнөктөштөрү КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат.

Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

УКМК ишкердик субъекттерине КР мыйзамдарын бузуу жана жарандардын кызыкчылыктарын эске албастан, көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын жасалма жогорулатууга жол берилбестигин эскертет.

 

298