Депутат Динара Ашимова Жогорку Кенештеги «Ыйман нуру» фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды.
«Ыйман нуру» фракциясын буга чейин жетектеп келген Нуржигит Кадырбеков 30-августта мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК анын арызын ошол эле күнү карап, мандатынан ажыраткан.
Анын алдында Кадырбеков УКМКга сурак берип чыккан.